БИШКЕК, 6-май — Sputnik. "Манас" аэропортунан Москва шаарынан башка бирөөнүн паспорту менен учуп келген аял кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аял Бишкекке кечээ, 5-май күнү учуп келген. Бөлөк бирөөгө таандык документ көзөмөл пунктунан аныкталган.
Тийиштүү кагаздар толтурулгандан кийин кармалган аял ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилди.