БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Казакстандагы таймашта 60 килограммга чейинки салмак категориясында Отар Бестаев Кыргызстандын намысын коргосо, 66 килограммга чейинки категорияда Жаныбек уулу Руслан менен Алтынбек уулу Алмаз республиканын таламын талашат.
81 килограммга чейинкилер арасында Владимир Золоев менен Нурсултан Жумабеков ат салышса, оор салмакта Сарикхан Исмаилов, Чыңгыз Мамедов намыс талашат. Ал эми 100 килограммдан ашуун салмак боюнча Юрий Краковецкий чыгат. Кыргыз делегациясын башкы машыктыруучу Абдразак Шаршенов жетектеп барат.
Муну менен бирге турнирге Элмира Акишова (63 килограммга чейин) жана Нагира Сарбашова (78 килогарммга чейин) барат. Кыздардын тобу турнирге башкы машыктыруучу Савур Аматовдун коштоосу менен катышат.
Буга чейин 6-8-май күндөрү Азербайжандын борбору Баку шаарында Grand Slam турнири өтө турганы маалымдалган. Ага Кыргызстандан үч спортчу катышат.