Өткөн жумада Бишкек шаарынын негизделген күнү белгиленди. Коңшу Казакстанда Биримдик күнү майрамдалды.
Дүйнөдөгү православдар Пасха майрамын белгилешти.
Москвада Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 71 жылдыгын белгилөөгө даярдыктар көрүлүүдө.
Маданий иш чаралардан — Германияда өнөр-жай көргөзмөсү өтүп жатса, Кытайда автоунаа көргөзмөсү менен Бразилиянын Сан-Паулу шаарында мода көргөзмөсү бардык каалоочуларга эшигин ачты. Ал эми Японияда ыйлаак балдардын конкурсу өттү.
Бир жумада дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурган окуялардын топтому менен сүрөт түрмөктөн таанышыңыздар.

Казак президенти Нурсултан Назарбаев Элдин биримдиги майрамында артисттер менен бийлеп жатат. Алматы шаары. Бул майрам Казакстанда 1995-жылдан тарта белгиленип келет

Германияда дүйнөдөгү эң ири делген Hannover Messe — 2016 өнөр-жай көргөзмөсү өтүп жатат. Германиянын канцлери Ангела Меркел менен АКШ президенти Барак Обама виртуалдык көз айнекти сынап көрүштү

Россиянын президенти Владимир Путин, премьер-министр Дмитрий Медведев жана аялы Светлана, шаар мэри Сергей Собянин Москвадагы эң ири храмда Пасха майрамын белгилөөгө катышты

Чай плантациясындагы йога. Кытай, Хубэй провинциясы

Москванын Кызыл аянтында Улуу Жеңиштин 71 жылдыгына болгон даярдык. Ага 10 миңден ашык аскер, 100дөй аскер техникасы катышты

АКШ Куралдуу күчтөрү бешинчи муундагы F-22 Raptor учактарын өтчү машыгуу үчүн Улуу британияга жайгаштырды

Артиллериялык 2С5 "Гиацинт" куралынан атуу. Приморск аймагындагы тактикалык машыгуулар

Россиянын "Восточный" космодромунан "Союз-2.1а" ракетасы "Ломоносов", "Аист-2Д" жана SamSat-218 аппараттарын космоско алып чыкты

Нельсон Манделага ачылган эстелик, Палестина

Бишкек 138 жылдыгын белгиледи. Мэрия бул күнгө карата майрамдык иш-чараларды өткөрдү

Кытайда Auto China — 2016 эл аралык көргөзмөсү ачылды. Бул көргөзмө автоунаа чыгаруучулар үчүн ири иш-чаралардан болуп эсептелет. Себеби, Кытай бүгүнкү күнү машиналардын сатылуусу боюнча алдыңкы орунда турат

Бразилиянын Сан-Паулу шаарында мода жумалыгы өтүүдө. Бул Латын Америкасындагы эң ири иш-чара болуп саналат. Сүрөттө Адриана Дигристин коллекциясы

Манчестерде Чемпиондор лигасынын биринчи жарым финалдык беттеши аяктады. Анда "Манчестер Сити" менен "Реал" командалары беттешип, эсеп 0:0 эсебинде аяктады. Сүрөттө "Манчестер Ситинин" дарбазачысы Жо Харт "Реалдын" оюнчусу Пепенин тепкен тобун тосууда.

Найробиде алты кабаттуу имарат кулап, 20 киши каза болду. 74 киши дайынсыз. Катуу жааган жамгырдан улам имараттын биринчи кабатын суу каптаган. Алдын ала маалыматтар боюнча имарат суудан улам жерге чөгүп кеткен

АКШ элчилигинин алдында каршылык акциясына чыкканадар менен полиция кагылышты. 1-май, Филиппин, Манила шаары

Германиянын канцлери Ангела Меркел Пфорцхайм колледжинин студенттери тарабынан жасалган акылдуу кийимди кийип көрүүдө. Ал адамдын өмүрү үчүн маанилүү болгон бардык нерсени өлчөп турат

Токиодогу буддисттердин Сэндсодзи храмында озондоп ыйлаган балдардын фестивалы өттү. Бул иш-чара учурунда сумо күрөшчүлөрү аренага кичинекей балдарды көтөрүп чыгып, асманга көтөрүп, аларды ыйлаганга мажбурлашат. Биринчилерден болуп бакырып ыйлаган бала жеңишке жетет