Сомалиде мечит урап, кеминде 15 киши каза тапты

© Sputnik / Александр Паниотов / Медиабанкка өтүүМечит. Архив
Мечит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каза тапкандардын көбү мечитте оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жаткан жумушчулар экендиги белгилүү болду.

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Сомалиде мечит урап, кеминде 15 киши каза таап, кыркка жакыны жаракат алды. Бул туурасында Би-Би-Си жергиликтүү басылмаларга таянып кабарлады.

Кырсык Сомалинин Могадишо шаарында намаз учурунда болгон. Күбөлөрдүн айтымында, имараттын ичинде жүзгө чукул киши бар эле. Каза тапкандардын көбү мечитте оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жаткан жумушчулар экендигин айтышкан.

Агенттик тартип коргоо органдары ремонт иштерине жоопкерчиликтүү болгон инженерди шалаакылыгы үчүн кармаганын кабарлады.

Жаңылыктар түрмөгү
0