БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети төрагалыкка Исхак Масалиевдин талапкерлигин жактырды.
Аталган кызматка Масалиевдин талапкерлигин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы көрсөтүүдө.
Эскерте кетсек, тармактык комитет буга чейин спикерликке Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин жактырып, парламенттин кароосуна алып чыгуу чечимине келген.
Спикерликке Чыныбай Турсунбековду "КСДП" фракциясы сунуштап, "Ата-Мекен", "РАЖ" фракциялары колдогон.