БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков иш сапар менен Ысык-Көл облусуна жөнөп кеткенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Анын алкагында Жээнбеков Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата даярдыкты текшерип, Чолпон-Ата шаарында салынып жаткан ипподромдун курулушу менен таанышат. Мындан тышкары, Тамчы айылындагы эл аралык "Ысык-Көл" аэропортунун реконструкцияланышын көрөт.
"Өкмөт башчы Көчмөндөр оюндарынын маданий бөлүгү өтө турган Кырчын жайлоосуна барат. Мындан тышкары, Бактуу-Долоноту айылындагы ден соолукту чыңдоочу комплекстин курулушу менен таанышат", — деп айтылат билдирүүдө.
Иш сапар учурунда премьер-министрди маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов, транспорт жана коммуникация министри Замирбек Айдаров жана өкмөттүн аталган облустагы өкүлү Аскар Акибаев коштоп жүрөт.