БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Көрүстөндү талкалоого шектелген жаран кармалганын Чүй ИИББдин маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин жергиликтүү тургундар Октябрь айылындагы көрүстөндү белгисиз бирөөлөр талкалап кеткенин милицияга билдиришкен.
Кармалган жаран 28 жашта экени анык болду. Учурда окуянын чоо-жайын тактоо аракеттери жүрүүдө.