БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Төрагалыкка ат салышып жаткан Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаев 2017-жылы боло турган президенттик шайлоого барбай турганын билдиришти.
Учурда парламентте төраганы шайлоо жүрүп жатат.
Төрөбаев 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоого даярданарын айтса, Канат Исаев азырынча президенттикке жаш экенин билдирди.