00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Об экономике и не только
20:04
54 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
09:52
2 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргыз улуттук “Манас” театры 2024-жылы 250дөн ашык иш-чара өткөрдү — кийинки жылы кандай өзгөрүүлөр болот?
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Что такое Глобальный Юг и в чем его значение для мира?
14:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Соңку жылдары айыл чарба тармагына өзгөчө көнүл бурулууда — сан менен сапатынын көрсөткүчтөрү кандай?
15:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Структура личности
Как предпринимательница из Кыргызстана вышла на рынок ЕАЭС
16:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Химиялык өндүрүш. Эмнеге Кыргызстанда жасалган товарлар ички рынокто колдоо таппай жатат?
17:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Налоговая реформа, переход на ККМ, споры вокруг ЭТТН - итоги года в торговле
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Коомдо агрессия эмнеден пайда болот?
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Соңку жылдары айыл чарба тармагына өзгөчө көнүл бурулууда — сан менен сапатынын көрсөткүчтөрү кандай?
21:04
51 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Масалиев: көпчүлүк коалиция эки талапкерди тең парламенттин кароосуна алып чыгат

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Исхак Масалиев. Архив
Депутат Исхак Масалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн парламенттин Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинде аталган маселе каралуусу күтүлүүдө.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Көпчүлүк коалициясы спикерликке талапкерлердин экөөсүн тең Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине эл өкүлү Исхак Масалиев билдирди.

Бүгүн парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинде аталган маселе каралуусу күтүлүүдө.

"Саат 10.00дө комитеттин жыйыны болот. Бул жерде мыйзамдуулук маселеси каралат. Мага жеткен маалыматтар боюнча көпчүлүк коалициясы эки талапкерди тең парламенттин кароосуна алып чыгат. Буюрса спикер эртең шайланат", — дейт аталган комитеттин мүчөсү. 

Эске сала кетсек, төрагалыкка "Кыргызстан" фракциясы Канат Исаевди, ал эми "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы Бакыт Төрөбаевди сунуштаган.

КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков буга чейин эки талапкерди өз ара сүйлөшүп алууга чакырганын айткан. Ал КСДП фракциянын учурдагы позициясын ачыктаган эмес. "Ата Мекен" фракциясы төрагалыкка көрсөтүлүп жаткан эки талапкерди тең сунуштоо чечимине келген. 

Эске сала кетсек, өткөн бейшемби күнү парламентте төраганы шайлоо маселеси күн тартибине киргизилген. Ал ортодо "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Максат Сабиров спикерди шайлоону кийинки аптага жылдыруу керектигин беш ирет айтып чыккан. Жыйынтыгында добуш берүүгө болгону 59 депутат келип, кворум болбой, спикерди шайлоо кийинки аптага жылган. Ал ортодо эки талапкер ортосунда кресло талаш кызуу жүрүп жатканы айтылууда. 

Мурдагы төрага Асылбек Жээнбеков агасы премьер-министрликке көрсөтүлгөндүктөн спикерликтен өз эрки менен кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0