БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Баткен казыяты мүмкүнчүлүгү чектелген Касиет Токтомушовага жардам көрсөттү. Бул тууралуу Баткен казыятынын маалымат катчысы Фуркат Авлиёев билдирди.
"Касиеттин ата-энеси иштебейт. Жалгыз пенсиянын көзүн карап жашайт. Мындан улам мусулмандар казысы Пазыл ажы Султанмуратовдун буйругу менен казыяттын кассасынан акчалай каражат бөлүнүп берилди", — дейт Авлиёев.
Анын айтымында, казыят каражаттын суммасын жарыялабоону чечкен. Учурда Токтомушовага казыяттан сырткары жергиликтүү жарандар тарабынан дагы колдоо көрсөтүлүп жатат.