Сууга агып кеткен үч жашар баланын сөөгү 12 күндөн кийин табылды

Жазылуу
Аламүдүн районундагы Ленин айылында үстүбүздөгү жылдын 4-апрелинде саат 18:50 чамасында алты жаштагы Имран Шамшибеков арыктагы сууга агып кеткен.

БИШКЕК, 17-апр.— Sputnik. Сууга агып кеткен үч жашар баланын сөөгү 12 күндөн кийин табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Экспертиза. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: Екатеринбургда жоголуп кетти делген Айганыштын өлүмүнүн себеби аныкталды
Ага ылайык, Аламүдүн районундагы Ленин айылында үстүбүздөгү жылдын 4-апрелинде саат 18:50 чамасында Сельповская көчөсүнүн алты жаштагы Имран Шамшибеков арыктагы сууга агып кеткен.

Куткаруу иштери жүргүзүлүп, 2016-жылдын 16-апрелинде куткаруучулар тарабынан жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында саат 14:30 чамасында баланын денеси табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0