БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" студиясы "Сафед Булан" даректүү тасмасын тартып бүткөнүн Кинематография департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, тасманын бет ачары 2016-жылдын май айында болушу пландалууда. Даректүү фильм тарыхта өзгөчө орду бар Шах-Фазыл тарыхый-маданий комплекси тууралуу тартылган.
Тасманын режиссеру Байыш Исманов, сценарийдин автору Кубан Каримов. Ал эми продюсери Гулмира Керимова.