БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Чүй облустук Кайгуул милициясы тарабынан мейманканада ызы-чуу салып, администратор менен урушкан 25 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Москва районунун ички иштер башкармалыгына мейманкананын ээси арыз менен кайрылган.
Жабырлануучу 13-апрель күнү 19:30да мейманканага мас абалында 25 жаштагы жаран кирип, эмерек, идиш-аяктарды талкалап, администратордун ден-соолугуна залал келтиргенин айткан.
Арыздын негизинде милиция кызматкерлери 25 жаштагы кылмышка шектүү жаранды кармашты.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.