Өкмөттүн жаңы жетекчиси шаршемби күнү парламент тарабынан шайланган. Президент ошол эле күнү Жээнбековду премьерликке дайындоо боюнча жарлыкка кол койду.
Өлкө башчынын жарлыгын президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов окуду. Тааныштыруу иш-чарасына көпчүлүк коалициянын лидерлери катышты.
Жээнбеков президент менен депутаттарга ишеним арткандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөнүн өнүгүшүнө болгон аракетин жумшай турганын кошумчалады.