Эмгек жолу:
- 1980-1982 — жол кыймылын уюштуруу кызматы бөлүмүндө жана Кыргыз ССРдин автомобиль жолдору министрлигинин Нарын эксплуатациялык башкармалыгында ага инженер;
- 1982-1984 — Ак-Талаа райондук жол-эксплуатациялоо башкармалыгында башкы инженер;
- 1984-1985 — жол кыймылын уюштуруу кызматы бөлүмүндө ага инженер;
- 1985-1993 — КР транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Нарын облусу боюнча жол- эксплуатациялоо аймагынын башкы инженери;
- 1993 — КР транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Нарын облусу боюнча жол- эксплуатациялоо аймагынын жетекчиси;
- 1993-1999 — КР транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча жол-эксплуатациялоо аймагынын башкы инженери;
- 1999 — КР транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Бишкек — Ош авто жолдун (161-248-чакырымдары) курулушунун сапатын көзөмөлдөө башкармалыгынын инспектору;
- 1999-2005 — Бишкек – Ош автожолун оңдоо долбоорунун инженер резидентинин орун басары;
- 2005-2009 — КР транспорт жана коммуникациялар министрлигинин автожол башкармалыгынын жетекчиси;
- 2009-2012 — Ысык-Көлдөгү Түп – Кеген автожолун оңдоо долбоорунун менеджери;
- 2012 — "Курулуш-Инвест" ЖЧКнын башкы директору;
- 2012-2013 — Ысык-Көлдөгү Түп – Кеген автожолун оңдоо долбоорунун менеджери;
- 2013-2014 — Түп – Кеген автожолун оңдоо долбоорундагы "Терра Эмплоймент Групп" ЖЧКсынын менеджери;
- 2014-2015 — КР транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Бишкек – Ош автожолу дирекциясынын башкы директорунун биринчи орун басары;
- 2015-жылдын ноябрь айынан тарта КР транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жол чарбасы башкармалыгынын директору.
- 2016-жылдын 13-апрелинде транспорт жана коммуникация министри.
Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси деген чини бар.