БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. "Республика — Ата-Журт" оппозициялык фракциясы премьер-министрликке көрсөтүлүп жаткан Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдогонун аталган фракциядан депутат, вице-спикер Алтынай Өмүрбекова билдирди.
Анын айтымында, бүгүн фракция жалгыз талапкерди талкуулады.
"Жазгы талаа иштери премьер-министрди тез аранын ичинде шайлоого түрткү болду. Андыктан биздин фракция Жээнбековдун талапкерлигин колдоп берүүнү чечти", — деди Өмүрбекова.
Вице-спикер Малабаев тууралуу айтып жатып, Жээнбеков анын өкмөт курамынан кетиши керектигин билдиргенин кошумчалады.
Эскерте кетсек, Балыкчы — Корумду унаа жолунун реконструкциялоо боюнча тендердин айланасындагы жаңжалдан улам дүйшөмбү күнү Темир Сариев отставкага кеткен.