БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Быйыл ажылыктын баасы 2600 долларды түзөрүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Мындай баа муфтий баштаган делегациянын Сауд Аравиясына барып жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында жетишилген.
Ажылыкка катталуу 11-апрелден 11-майга чейин жүргүзүлөт. Ажыга баруучулар каттоодон өткөндөн кийин электрондук чучу кулак аркылуу тандалып алынат.
Белгилей кетсек, Сауд Аравияга алгачкы каттам 16-августта болсо, акыркы рейс 4-сентябрда учат. Ал эми 17-сентябрдан баштап ажыларыбыз мекенине кайтат. Жалпысынан 18 каттам болот.
Алдын ала маалыматтар боюнча быйыл Орозо 6-июндан 6-июлга чейинки убакытка туура келет.