Бакыт Төрөбаев: спикер Жээнбеков арыз жазып кызматын тапшырмай болду

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев. Архив
Жогорку Кеңештеги Өнүгүү-Прогресс фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы Сооронбай Жээнбековдун өкмөт башчылыкка сунушталган талапкерлигин колдоду.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчылыкка көрсөтүлүп жаткандыктан, анын иниси, төрага Асылбек Жээнбеков арызын жазып кызматтан кете турганын айткандыгын билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы премьер-министрликке сунушталып жаткан талапкерди кезексиз жыйында карап жатат.

"Асылбек Жээнбеков абалды түшүнүп турат. Андыктан өзү арыз жазып кызматын тапшыра турганын айтты", — деди ал.

Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы КСДП фракциясы Сооронбай Жээнбековдун өкмөт башчылыкка сунуштаган талапкерлигин колдоду. 

Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбеков: премьерлик кызмат түшүмө да кирген эмес
Белгилей кетсек, Темир Сариев премьерликтен кеткенден кийин анын орду бош калган. Президент жана ЖКдагы көпчүлүк коалиция өкмөт башчылыкка талапкер сунуштоо укугун КСДПга берген. Аталган фракция премьерликке жалгыз талапкер катары Сооронбай Жээнбековду көрсөтүүдө.

Учурда Сооронбай Жээнбеков президенттин аппарат башчысынын биринчи орун басарлыгын аркалайт. Ага чейин Мамлекеттик кадр кызматын жетектеп, андан мурда өкмөттүн Оштогу ыйгарымдуу өкүлү болуп келген. Анын иниси Асылбек Жээнбеков учурда Жогорку Кеңештин төрагасы.

КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков буга чейин журналисттерге эгер Сооронбай Жээнбеков премьер болуп кала турган болсо, иниси Асылбек Жээнбеков кызматтан кетиши керектигин маалымдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0