00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Актуальное интервью
Посол Ирана - об агрессии, реакции мира и последствиях ударов по стране
08:04
17 мин
Будь в курсе
Как формируется цена на молоко и почему она зависит от сезона
08:26
32 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
ЕАЭБге экспорт көбөйөт — онлайн соодагерлер үчүн эсеп-фактуранын жаңы формасы ишке кирди
09:05
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Саламаттыкты сактоо министрлиги перинаталдык кызматты реформалоону даярдап жатат: 2030-жылга чейин эмне өзгөрөт
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Деңиз кодекси: деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөгө эмне үчүн керек?
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Асанов: премьер Темир Сариев бүгүн билдирүү жасайт

Жазылуу
Кечээ Сариев Facebook баракчасына ишмердүүлүгү анын айланасында айтылып жаткан сөздөр боюнча билдирүү жасарын айтты.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев өзүнүн ишине байланыштуу акыркы аптада айтылып жаткан кеп-сөздөр боюнча бүгүн атайын билдирүү жасаарын пландап жатат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине өкмөт башчынын маалымат катчысы Бакыт Асанов билдирди.

Ишемби күнү Балыкчы — Корумду жолун реконструкциялоо боюнча жарыяланган тендер чырын иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсү Таабалды Тиллаев премьер-министр Темир Сариевге жана өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча маселени парламенттин кароосуна алып чыгарын айткан.

"Бүгүн өкмөт башчы Темир Сариев анын ишине байланыштуу акыркы аптада айтылып жаткан кеп-сөздөр боюнча бүгүн атайын билдирүү жасайт. Так саатын азырынча айта албайбыз",— деди Асанов.

Кечээ Сариев Facebook баракчасына анын ишмердүүлүгү жана Балыкчы — Корумду жолун реконструкциялоо боюнча жарыяланган тендер жана бир катар маселелер боюнча негиздеме жазып, бул адилет иликтениши керек деген маанайда билдирүү жазган

Өкмөт Балыкчы — Корумду жолунун курулушун иликтөө үчүн мекемелер аралык комиссия түзүп, ал курулуш иштеринде бир катар мыйзам бузууларды аныктап чыккан. Анын негизинде комиссия транспорт жана коммуникация министри Малабаевдин ээлеген кызматына ылайыктуулугун карап көрүүнү сунуштаган. Сариев министрди жумуштан алуу боюнча сунушту президентке киргизген. Бирок президенттин аппараты ал сунушту кайра артка кайтарган.

Сариев отставкага кетеби же жокпу. Депутаттар менен эксперттердин пикири
Учурда президенттин тапшырмасы менен УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Малабаевдин айткандарын да, мекемелер аралык комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгын да текшерип жатат.

Транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев депутаттык комиссиянын жыйынында Балыкчы — Корумду жолун реконструкциялоо боюнча өткөн тендерге өкмөт башчынын жакындары, транспорт министринин орун басары Улан Уезбаев жана кытайлык "Лонг Хай" компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып тендердин жыйынтыгына таасир бергенин билдирген. Комиссиянын курамындагы айрым депутаттар премьердин күнөөсү бар экенин айтып, анын отставкасын талап кылышкан.

Ал эми транспорт министринин орун басары Уезбаев министр Аргынбаевдин өкмөт башчысынын күнөөлөп жаткандыгы суу кечпейт деген. Компанияларды тандоого Сариев катышты деген кеп туура эмес деп билдирген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0