БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Эртең, 9-апрель күнү Кыргызстандын дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата веложүрүш өтөрүн мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, жүрүш Жетикашкаева менен Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинен башталып, шаардын эски аянтынан аяктайт.
Иш-чарага бардык каалоочулар катыша алары белгиленүүдө.