БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Бишкекте "Музыкалык Эркиндик" аталышында көчө музыканттарынын флешмобу өтөрүн арт-студиясынын музыканты Виктория Юртаева билдирди.
Аталган иш-чара 9-апрель күнү саат 16:00до Эркиндик проспектисинде болот.
"Демилгени 20га чукул музыкалык топ колдоого алып, Эркиндик проспектисиндеги жолоочуларга музыкалык аспаптарда ойноп берүүгө макул болушту", — дейт Юртаева.
Ал кошумчалагандай, музыканттар комузда, гитарада, диджерида, бубен, варган, фортепиано жана скрипкада ойноп, бийлешет.