БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Өкмөт башчы отставкага кеткен жок. Сариевди кызматтан кетет экен деген маалымат чындыкка дал келбей турганын премьер-министрдин маалымат катчысы Бакыт Асанов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.
Ал айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына "Темир Сариев кызматтан кетиптир" деген маалымат чындыкка коошпой турганын кошумчалады.
Өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Назира Ахмедова дагы ЖМКларга чыккан маалыматтар карандай калп экенин билдирди.
Өкмөт Балыкчы — Тамчы — Чолпон-Ата — Корумду унаа жолунун курулушун текшерүү үчүн атайын комиссия түзгөн. Текшерүүнүн натыйжасында курулуш иштеринде бир катар мыйзам бузуулар аныкталган. Мындан улам аталган комиссия жолдун курулушуна жоопкер министрликтин жетекчилигинин ээлеген кызматына ылайыктуулугун карап чыгууну сунуштаган.
Сариев атайын комиссиянын корутундусун эске алып, транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаевди кызмат ордунан кетирүү боюнча сунушту президентке жөнөткөн. Бирок президенттин аппараты сунушту артка кайтарды.