БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Жалал-Абадда облустук укук коргоо органдарынын демилгеси менен "Мыктыгер" деп аталган аскердик-спорттук-маданий иш-чара өтүп жатат. Бул туурасында Жалал-Абад облустук ИИБдин билдиришти.
"Негизги максат — 7-апрель окуясына карата облустун аймагында ар кандай укук бузуулардын алдын алуу, улуттар аралык биримдикти чыӊдоо, өспүрүмдөрдү сергек жашоого, мекенди сүйүүгө үгүттөө жана патриоттуулукка тарбиялоо", — деп билдиришти ИИБдин мааалымат кызматынан.
Жалпысынан иш-чарага облустун мектеп окуучуларынан куралган 11 команда катышууда. Андан сырткары, бул иш-чарага 2000дей адам катышмакчы.
"ИИМдин атайын багыттагы полкунун тактикалык машыгуусунан көрүнүштөр, Жалал-Абад ОИИБдин кызматкерлеринин аскердик кол уруш боюнча машыгуу ыкмалары, куралдуу кылмышкерлерди куралсыздандырып, барымтадагыларды куткаруу боюнча тактикалык ыкмалар көрсөтүлүүдө", — деп кошумчалашты маалымат кызматынан.
Андан сырткары, Жалал-Абад облусундагы каратэ жана самбо боюнча спорт клубунун жаш тарбиялануучулары өз өнөрлөрүн тартуулайт.