БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев "Ала-Тоо" аянтындагы 2002-жылы Аксы окуяларында жана 2010-жылы Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн шейит болгондордун эстелик монументине гүл койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирет.
Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев баштаган бийлик өкүлдөрү "Ата Бейит" мемориалдык комплексине барып, 7-апрель ыңкылабында курман болгондорду эскерген.