Ала-Бука районунда абал тынч, жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

© Арзымат АбдыкеримовАла-Бука районун Көк-Таш айыл өкмөтү
Ала-Бука районун Көк-Таш айыл өкмөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз-өзбек чек арасында коопсуздугунан тынчсызданган эл бийликтен кошумча аскердик күчтөрдү коюп берүүнү суранды.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Ала-Бука районун Көк-Таш айыл өкмөтүндөгү Чоң-Сай (Арап) айылындагы кыргыз-өзбек чек арасындагы абал боюнча тиешелүү тараптар жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Өзбек тараптын чек арачылары такталбаган тилкеге кирген эмес деп билдирди КРдин Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчиси Раимберди Дүйшембиев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине. 

© Арзымат АбдыкеримовАла-Бука районун Көк-Таш айылынын жашоочулары
Разъяснительные мероприятия по вопросам госграниц в селк Чон-Таш  - Sputnik Кыргызстан
Ала-Бука районун Көк-Таш айылынын жашоочулары

Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Сакыбай Мамбеталиев Sputnik маалымат агенттигине Өзбекстан аскерлери такталбаган аймактарга кол менен жол таптап кирип жатканын айткан. 

"Чоң-Сай айылына каттаган багытта Өзбекстан тараптан кошо жол салуу аракеттери жасалып, биздин жолго түшүп келишине болжол менен 500 метрдей калган", — деген Мамбеталиев.

Бүгүн Чоң-Сай айылына 100гө чукул эл чогулган. Алар менен Ала-Бука райондук администрациясынын жетекчиси, УКМКнын, ИИМдин, Мамлекеттик чек ара кызматынын райондук бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү жана Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү жолукту. 

"Алар кечээ түнү менен келишкен. Бүгүн эл менен жолугуп, чек ара аймактарда болушту. Эл такталбаган чек ара аймагына жол салууга ниеттенген өзбек тарапты токтотуу, көк-таштыктардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кошумча аскерлерди коюу талабын айтышты", — деди Мамбеталиев. 

Айыл өкмөтүнүн жетекчисинин айтымында, жергиликтүү элден да түнкү нөөмөтчүлөрдү уюштурулуп, алар чек арачыларга жардам берүүдө. 

"Жашоочулардан турган нөөмөтчүлөр эми чек арачыларга кошумча жардам көрсөтөт. Бүгүн келген комиссия аныкталган чекти жергиликтүү элге көрсөтүп, мал-жанды андан ары өткөрүп жибербөө зарылдыгын түшүндүрүп кетишти", — деди ал.

Чек ара зымы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чек ара чыры ийне-жибине чейин же эмне үчүн өзбектердин БТРлери Ала-Букада турат
Фамилиясын атагысы келбеген Көк-Таш айылынын Баяман аттуу жашоочусу нааразы эл айылдын борборуна кечээ эле чогулуп, талаптарын койгондугун айтты. 

"Бул жерди илгертеден кыргыздар пайдаланып келген. Көк-Таш айылынан Чоң-Сай айылына кетүүчү жол бар. Алар такталбаган тилке аркылуу жол салып, абдан эле жакындап келген. Муну эл билген эмес, мал багып жаткандар көрүп калып, анан ызы-чуу башталган. Кечээ Көк-Таш айылынын борборуна жетимишке жакын чоң-сайлыктар келип, жергиликтүү бийликтен абалды түшүндүрүүнү талап кылышты",— деди Баяман. 

Бул маалыматтар боюнча түшүндүрмө берген Мамлекеттик Чек ара кызматынын жетекчиси Раимберди Дүйшембиев өзбек тарап такталбаган чек ара тилкесине кирбегендигин, бул боюнча эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгын айтты.

"Ал такталбаган жер. Өзбек тараптын чек арачылары такталбаган тилкеге кирген эмес. Алар аталган аймакты сырттан кайтарып турат. Андыктан азыр тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатат. Жергиликтүү элге тиешелүү өкүлдөр такталган аймакты, шарттуу чек ара аймакты көрсөттүк. Абалды өзүм көзөмөлгө алып турам", — деди Дүйшембиев. 

Чек ара башчысынын айтымында, абал тынч, эки өлкөнүн мамлекеттик чек ара кызматтары штаттык режимде иштеп жатышат, кошумча аскердик күчтөр тартылган эмес. 

Жаңылыктар түрмөгү
0