БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Кытай тараптын демилгеси менен кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркечтам" көзөмөл өткөрүү пунктары 2-апрелден 4-апрелге чейин жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, белгиленген даталарда Кытайда "Каза болгондорду эскерүү" күнү белгиленет.
5-апрелден тарта"Торугарт" жана "Эркечтам" көзөмөл өткөрүү пунктары кишилердин жана автоунаалардын өтүүсү үчүн ачылат.