БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Мамлекеттик жана коомдук ишмер Тыныбек Алыкулов 57 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Ал 1959-жылы 25-мартта Жалал-Абад облусунда төрөлүп, Скрябин атындагы айыл чарба институтун бүтүргөн.
Алыкулов 1995-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 1998-жылы айлана-чөйрөнү коргоо министри болуп иштеген.
Ал коомдук иштер менен алектенип, өрнөктүү өмүр сүрө алды.