БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Су-25 аскердик учак Примоерьенин Черниговка айылына кулаганын күч структураларына таянуу менен РИА Новости билдирди.
"Алдын ала маалымат боюнча учак айылдын жанына түштү", — деди маектеш.
Анын айтымында, учкуч секирип кетүүгө үлгүргөн, жабырлануучулар жок.
Азырынча бул боюнча расмий билдирүү таратыла элек.
Су-25 учагы согуш талаасынын үстүнөн учуп, жердеги аскерлерге колдоо көрсөтөт. СССР мезгилинде учак "Грач" (Чар карга) аталышына ээ болгон.