БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Таш-Көмүр шаарында атайын рейд учурунда экстремисттик негиздеги материалдар алынганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Мындай иш чара экстремизмдин алдын алуу боюнча жасалган. Анын жүрүшүндө флешкарта, дисктер, видеокассеталар, брошюралар алынган.
Алар Таш-Көмүр шаарынын тергөө бөлүмүнө берилип, теологиялык экспертиза дайындалды.