Он биринчи жолу өтө турчу жаз-фестивалына он бир өлкөдөн — АКШ, Германия, Италия, Австрия, Швейцария, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандан жаз музыканттары катышат.
Аталган маданий иш чара 6-11-апрелде Бишкекте өтөт.
Фестиваль учурунда чет элдик музыканттар мастер класстарды өткөрүшөт.
Биринчи концерт 8-апрелде Курманжан датканын эстелигинин алдында өтсө, 9-10-апрелде Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда концерт болот.
Эл аралык Sputnik агенттиги жана радиосу фестивалдын маалыматтык өнөктөшү болуп саналат.