БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. "Жаштык" спорттук-массалык жана ден соолукту чыӊдоо иштери боюнча республикалык борбору 353 миң сомго медаль сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу маалымат Мамлекетик сатып алуулар порталына жарыяланды.
Медалдар мектептер аралык Спартакиадасы менен орто кесиптик окуу жайлар арасында өткөрүлө турган Спартакиада оюндарына алынганы жатат.
Тендердин акыркы мөөнөтү 18-апрелге белгиленген.