БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Бишкектин "Туңгуч" кичи районунда карагайдын көчөттөрү отургузулганын шаардык мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпы жонунан 70 көчөт муниципалитет менен шаардык кеңештин депутаттары менен бирге отургузулду.
Акция катышуучуларын жабдуу, аспап, материал жана сугаруучу суу менен "Зеленстрой" муниципалдык ишканасы камсыздады.