БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Брюсселдин аэропортунда болгон жардыруудан жапа чеккендердин арасында кыргызстандыктардын жок экенин Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Нурлан Сүйөркулов билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 13.00дө шаардын аэропортунда жардыруу болуп, андан 11 киши каза болгону айтылган. Мындан тышкары, 20 жүргүнчүнүн жарадан болгону аныкталган.
Өлкөнүн Ички иштер министрлиги жардыруу эки жолу болгонун тастыктады. Жүргүнчүлөр эвакуацияланып, аэропорт менен темир жолдун ортосундагы байланыш токтотулду.
Айрым маалымат каражаттары жардыруу теракт экенин айтышууда.