БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Нооруз майрамына карата өлкө президенттери мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге жана кыргыз элине куттуктоо жөнөтүүдө. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган кыргызстандыктарга куттуктоо жолдоп, Нооруз эки өлкө ортосундагы достукту, боордоштукту, тилектештикти жана кызматташтыкты байыртадан бери сактап келатканын белгилейт.
Эрдоган президент Атамбаевге ден соолук, бакты-таалай жана ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылык менен гүлдөп өсүүнү каалаган.
Ал эми Азербайжандын өлкө башчысы Ильхам Алиев өз куттуктоосунда кыргызстандыктарга өнүгүү каалап, эки элдин ортосундагы алака-катыш мындан ары да өнүгө турганына ишеним арткан.