БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. "Сары-Өзөн" менен "Достук" командалары Нооруз майрамына карата уюштурулган көк бөрү боюнча турнирдин финалына чыкты. Бул тууралуу КР Көк бөрү федерациясынын маалымат кызматы билдирди.
Ишемби күнү жарым финалдык оюндар өтүп, "Сары-Өзөн" командасы "Бөрүлү" командасын 5:2 эсебинде утуп алды. Ал эми "Достук" командасы "Таласты" 2:0 эсебинде жеңди.
"Нооруз-2016" мелдешинин финалдык беттеши 21-мартта, Нооруз майрамында Ак кула ат майданында өтөт.