Келдибековдун иши боюнча прокуратура Жогорку сотко даттана элек

© Фото / пресс-служба ЖК КРАхматбек Келдибеков. Архив
Ахматбек Келдибеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал ортодо Ахматбек Келдибековдун адвокаттары соттун чечимин алар замат даттануу жазылганын айтышты.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибековдун иши боюнча Бишкек шаардык соттун чечими боюнча прокуратура Жогорку сотко даттана элек. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Келдибековдун ишин караган мамлекеттик айыптоочу менен сүйлөштүк. Соттун чечимин ала элек. Алган соң ал тууралуу корутунду кабыл алынат. Мыйзамга ылайык шаардык соттун чечими кассациялык даттанууга жатып, ал боюнча бир жыл убакыт бар", — дейт маалымат кызмат. 

Ал ортодо Келдибековдун адвокаты Азимбек Бекназаров Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган соттун чечимин алар замат даттануу жазылганын айтты. 

"Келдибековдун иши боюнча соттун чечимин аларыбыз менен даттануу жазганбыз. Качан карай турганы тактала элек", — деди Бекназаров. 

Эске сала кетсек Бишкек шаардык сотто 11-мартта Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Ахматбек Келдибековдун ишин каралып, анда фемида өкүлдөрү соттолуучуга 10 миллион сом айып салган.

Ахматбек Келдибеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ахматбек Келдибековго шаардык сот 10 миллион сом айып салды
Келдибеков 2002-2005-жылдары Социалдык фонддун төрагасы болуп турганда жана 2008-2009-жылдары Салык кызматын башкарган убагында коррупцияга барган жана ЖКнын спикери кезинде кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда. 

Ага Кылмыш жаза кодексинин 30-беренесинин төртүнчү бөлүгү (кылмышка шериктеш болуу), 303-беренесинин биринчи бөлүгү (коррупция), 304-беренесинин төртүнчү бөлүгү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон. 

Келдибеков жогорудагы айыптар менен 2013-жылы камакка алынган. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Келдибековду коррупция беренеси боюнча актап, ал эми Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүктү ачуу боюнча үч миллион сом айып пул салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0