БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Кыргызстандык Рыскулбек Ибраимов ABC баш байгеси үчүн күрөшөт деп билдирди машыктыруучу Нургазы Амиракулов.
ABC алкагындагы (Absolute Championship Berkut) беттеш Грозный калаасында 9-мартта өтөт. Бул эрежесиз эр уруш оюндары аралашкан турнир.
"Рыскулбек Ибраимов 61 килограмм салмактагы спортчу катары чыгат. Анын атаандашы – россиялык Мурад Каламов. Ибраимов үчүн ABC боюнча бул биринчи беттешүү", — дейт Амиракулов.
Ибраимов — самбо боюнча Евразиянын, ал эми мушташ өнөрү боюнча дүйнөнүн чемпиону.