БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусундагы Ноокен районуна караштуу Массы айылынын тургуну Владимир Гангалиский парашют менен секирип Датка — Кемин линиясына илинип калган. Бул тууралуу ӨКМдин аймактык өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн башчысынын орун басары Айбек Имашов билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя Сузак районуна караштуу Барпы айыл өкмөтүндөгү Боз-Чычкан айылында болгон.
Маалыматка ылайык, окуя саат 15.00дөр чамасында Сузак райондук куткаруу кызматына кабар келип түшкөн. Аталган бөлүмдүн кызматкерлери жана энергетиктери окуя болгон жерге барып, Гангалискийди куткарып калышкан.