БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Былтыркы жылы жаза мөөнөтүнөн эрте бошотулгандардын 7,3 пайызы кайрадан кылмышка барган. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2015-жылы түзөтүү колонияларынан 1639 жаран чыккан. Ал эми мөөнөтүнөн эрте 1265 киши бошотулган.
Мөөнөтүнөн эрте бошотулгандардын 92си же 7,3 пайызы кайрадан кылмышка барып, сот жообуна тартылган.