Он миллион сом салыктан жөө качкан ишкананын ээси камалды

Жазылуу
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 182чи жана 213-беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Атайын ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 10,5 миллион сом салыкты төлөбөй жүргөн факты аныкталганын финансы полициясынин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, "Адвент" ЖЧКсы салык төлөөдөн качып жүргөн. Ишкананын жетекчиси кылмыш-процессуалдык кодексинин негизинде убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 182чи жана 213-беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөө иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0