БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. "Манас" эпосун окуучулар арасында жайылтуу максатында "Манас — улуу мурас" деп аталган иш-чара өтө турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, мында мектеп окуучуларынын манасчылар менен жолугушуусу каралган. Иш-чарада Дөөлөт Сыдыков, Улан Исмаилов, Рысбай Исаковдор Манас айтып, балдар менен маек жүрөт. Жолугушуу өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусу менен өтө турганы айтылууда.
Иш-чара 5-мартка белгиленип, "Жал" кичи районундагы кинотеатрда өтмөкчү.