00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:56
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
Особый акцент
Страна, которую принято не понимать - старт большого цикла бесед о России
14:07
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Лето без кондиционера: эксперт по энергоэффективности о простых решениях
16:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Бырыштар менен күрөшүүдө сак болуңуз — косметологиянын курмандыгы болуп калбоо үчүн эмнелерге көңүл буруу керек?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Нурбек Иманов, Бишкек эл аралык кинофестивалынын PR-директору
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Зачем успешные руководители снова садятся за парту - рассказывает профессор РАНХиГС
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
21:08
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Беш өрдөк: КСДП фракциясы чилдей тарап, Коёналиев Германияга элчи болот

Жазылуу
Кыргызстандагы басылмаларга чыккан айың-кептерди аныктап, жума сайын гезит-журналдарга саресеп салабыз. Айың кептер айылынан арылабыз.

Май айында КСДП фракциясы чилдей тарайт…

"Ачык саясат" гезити 26-февралда чыккан санында май айында КСДП фракциясында чоң өзгөрүү боло турганын жазды.

"Келе жаткан жаздын майында КСДП фракциясында чоң өзгөрүү болуп, 3-4 депутат мандатынан кол жууйт экен. Көрсө туулган жеринен жетимиш да добуш ала албагандар депутат болуп келишиптир "Майда өз каалообуз менен тапшырып берип кетебиз" деген тил каттары да бар имиш", — деп жазат аталган гезит.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын төрагасынын орун басары Төрөбөй Зулпукаров Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине мындай кептерди четке какты.

"Андай сөз жок, ал чындыкка дал келбейт", — дейт ал.

Коёналиев Германияга элчи болот

"Азия NEWS" гезити 25-февралдагы санында президенттик аппараттын иш башкармалыгынын башчысы Туруспек Коёналиев Германияга элчи болуп бара турганын жазды.

"Туруспек Коёналиев Ак үйдөгү чарбалык иштер менен интригалардан чарчаганбы, жакынкы күндөрү Кыргызстандын Германиядагы элчилик кызматына кеткени туру. Тийиштүү жарлык чыгып, талапкерлигин жактаган агреман келсе эле Тукең кетет", — деп жазат аталган гезит.

Беш өрдөк: журналисттен кутулгусу келген Мелис Турганбаев, "мат" болчу Султанбекова
Президенттик аппараттын иш башкармалыгынын башчысы Туруспек Коёналиев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине ага андай сунуштар болбогонун жана Германияга Кыргызстандын элчисинин дайындалганына бир жылдай болуп калганын айтты.

"Бул бирөөнүн гана божомолдоосу болушу мүмкүн. Ал жакка жаңы элчи шайланганына бир жылдай боло элек. Элчи жок дегенде үч жыл алмашылбашы керек", — деди ал.

Ошондой эле ага мындай сунуш дагы болбогонун айтып, бул тууралуу биринчи жолу угуп жатканын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0