Тамашоунун "Позитифф" командасы Казакстандын "Жайдарман" лигасын багынтууда

Жазылуу
Астанада өтүп жаткан оюнда 40 команда сегиз тайпага бөлүнүп күч сынашты.

БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Тамашоу лигасынын "Позитифф" командасы Казакстанда өткөн "Жайдарман" лигасынын чейрек финалына өттү. Бул тууралы команданын мүчөсү Мыктыбек Мукаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Аталган оюн Астана шаарында 27-февраль күнү болду.

"Оюн казак тилинде болгондуктан кыргызча да, казакча да сүйлөп жаттык. Биз тайпанын ичинен мыкты аталып чейрек финалга өттүк", — дейт Мукаев.

Оюндун жүрүшүндө 40 команда сегиз тайпага бөлүнүп күч сынашты.

Эске сала кетсек, 2015-жылдын 30-январында 180 команданын ичинен 67си тандоо турунан өтүп, "Жайдармандын" жогорку лигасына жолдомо алган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0