БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Токмок шаарында турак жай өрттөнүп, андан 50 жаштагы Юрий Агапов аттуу жаран каза болгонун ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, өрттөнгөн үй шаардын Ибрагимов көчөсүндө жайгашкан. ӨКМ кырсык тамеки тартуудагы этиятсыздыктан улам келип чыкканын белгиледи.
Өткөн сутка ичинде Кыргызстан боюнча 17 өрт кырсыгы катталып, аны менен күрөшүүгө 19 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.