БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Бүгүн кыргыз-казак чек арасында 3,5 баллдык жер титирегенин ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, силкинүү таңкы саат 5.31де катталган. Анын очогу Каракол шаарынан 55 чакырым алыстыктагы кыргыз-казак чек арасында жайгашканы белгилүү болду.
Кыргызстандын аймагында жер титирөөнүн күчү 2,5 баллга жетти.
Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар катталган жок.