БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кыргызстандан барган спортчулар Москвада өткөн "Ушу жылдыздары" аттуу мелдештен 21 медалга ээ болгонун Салттуу ушу федерациясы билдирди.
Турнир үстүбүздөгү жылдын 18-22-февраль күндөрү өттү.
"Кыргызстандан барган он спортчу мелдештин 15 түрү боюнча ат салышып, жети алтын, тогуз күмүш жана беш коло медаль алышты", — деп айтылат билдирүүдө.
Турнирге Россия, Норвегия, Польша, Израиль, Казакстан, Ливан, Иран, Египет сыяктуу 17 өлкөдөн 700 спортчу катышты.