БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Ысык-Ата районунун Ивановка айылында 25 жаштагы жаран сууга чөгүп кеткенин ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык үстүбүздөгү жылдын 21-февралында болгон. Аталган жаран Чоң Чүй каналынан изделип, тилекке каршы куткаруучулардын ишинен натыйжа чыккан эмес.
Учурда чөгүп кеткен жаранды издөө иштери улантылууда.