БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга Анкара шаарында болгон жардырууга байланыштуу көңүл айтты. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.
"Кыргызстан эли бул окуяны терең кайгыруу менен кабыл алды. Боордош түрк элинин кайгысын тең бөлүшөт жана үрөйдү учурган жардырууну айыптайт", — деп айтылат түрк элине жөнөтүлгөн телеграммада.
Мамлекет башчысы Атамбаев кырсыктан каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жарадар болгондордун тезирээк сакайып кетүүсүн каалады.