БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Кыргызстандык тайбоксчу Валентина Шевченко UFC турниринин алкагында бразилиялык мушкер Аманда Нуньес менен беттешерин КРдин тайбокс федерациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, беттеш 2016-жылдын 5-мартында Лас-Вегас шаарында өтөт. Бул күнү учурдагы чемпион америкалык Холи Холм менен биринчиликке атаандашып жаткан бразилиялык Рафаэлем дос Аньостун кармашуусу көпчүлүктүн бүйүрүн кызытаары күтүлүүдө.
Валентина Шевченко өткөн жылдын декабрь айында UFC турниринин алкагында "Strikeforce" чемпиону Сара Кауфманды жеңип алган.
Валентинанын машыктыруучусу Павел Федотовдун айтымында, мушкер бул кармашка Таиландда эжеси Антонина менен биргеликте даярдык көрүүдө.
Машыгуу жогорку деңгээлде өтүп жатканын федерация билдирди.
Шевченконун атандашы Аманда Нуньес 61 салмактагы мыкты беш мушкердин катарын толуктайт.