БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын кошуна өлкөлөрдүн нааразы болгонуна карабастан спутниктерди учуруп, илимий иштерди улантаарын билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 7-февралда Түндүк Кореянын асманга атылган ракетасы "Кванмёнсон-4" жасалма спутнигин учурган.Бул көрүнүштү кошуна өлкөлөр ракеталык жарыш деп баалаган.
"Бүгүнкү ийгиликти колдон чыгарбай, жакшы жыйынтыктар үчүн илимий ишти улантуу зарыл. Биз спутниктерди көбүрөөк учурабыз", — дейт Ким Чен Ын.
Спутникти учуруу боюнча жарыя кылган иш-чарага Ким Чен Ын, анын жубайы Ли Соль Чжу жана башка коомдук ишмерлер, окумуштуулар катышкан.